00:47 29 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Коом
Кыскача шилтеме алуу
453 0 0

Бүгүн түндө чек арада кырдаал чыңалып, тажик тараптын аскерлери техникасы менен топтолуп жатканы байкалган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов жергиликтүү бийлик органдарына чек арадагы кырдаал тууралуу Чоң-Алайдын тургундары менен тыгыз иштешүүнү тапшырды. Бул туурасында облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда Карамык, Кара-Тейит айылдарынын жашоочуларына түзүлгөн жагдай, көрүлүп жаткан чаралар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган. УКМКнын Чек ара кызматы абал чыңалып турганын айтууда.

Өкмөт муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.

Тема боюнча

Тажик тарап түн жамынып Чоң-Алайдагы чек арага контейнер орнотууда. Видео
Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга учуп кетти
Белгилер:
Ош облусу, тапшырма, эл, түшүндүрүү иштери, чек ара, Чоң-Алай

ЭҢ МААНИЛҮҮ