07:49 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
150 0 0

Шаардын убактылуу башчысынын айтымында, иш таштаган маршрутканын айдоочулары мэрияны кыйын абалга кептеп койду.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспортко болгон тарифтер сентябрга чейин эле көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди. 

"Биз маршрутка айдоочуларын сентябрга чейин күткүлө деп жатабыз. 11-июлдагы шайлоодон кийин жаңы шаардык кеңеш келгенде, балким, маселе эрте чечилип калар. Айдоочулар так убакытты айткыла деп жарга такап жатат. Азыр кырдаал оор, биз алардан көз каранды болуп турабыз", — деди Кудайбергенов.

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу тарифти Бишкек шаардык кеңеш чечерин, алар азыр үгүт иштери менен жүргөндүктөн чогулта албай жатканын айткан.

Өз кезегинде депутаттар маанилүү маселени чече албаган Кудайбергенов менен шаардык кеңешти сындаган.

Тема боюнча

Кайда качып жүрүшөт?! Парламент шаардык кеңештин депутаттарын сындады
Кудайбергенов: ишке чыккан маршрутка айдоочуларын коркуткандар болуп жатат
Белгилер:
сентябрь, тариф, маршрутка, айдоочу, мэрия, Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ