Кайда качып жүрүшөт?! Парламент шаардык кеңештин депутаттарын сындады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Мэрдин милдетин аткаруучу тариф маселесин шаардык кеңеш гана чечерин айтып, бирок шайлоо башталып калгандыктан депутаттарды чогулта албай жатканын айтты.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаардык кеңешин маршрутка көйгөйүнө көңүл кош карап жатат деп сындашты.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов тариф маселесин шаардык кеңеш гана чечерин айтып, бирок шайлоо башталып калгандыктан депутаттарды чогулта албай жатканын айтты. Деген менен алардын кийинки чакырылыш келгенге чейин иштөөгө укуктуу экенин белгиледи.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов
И.о. мэра столицы Бактыбек Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов
Ошондой эле ал жол киренин баасын өзгөртүү боюнча токтом долбоору даяр болуп коомдук талкууга коюлганын билдирди. Ал мэриянын сайтында бир ай турушу керектигин айтат.
Мындан улам эл өкүлү Бейшеналы Нурдинов шаардык кеңештин депутаттары керектүү учурда иштебесе кийин кайра шайлабоого чакырды.
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Бейшеналы Нурдинов
Депутат Жогорку Кенеша Бейшеналы Нурдинов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Бейшеналы Нурдинов
"Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын баары азыр кайра шайлоого баратат. Эгер алар бүгүн жыйынга чогулбаса, эл бирине да добуш бербеши керек. Ушундайда көйгөйдү чечпесе, эмнесине депутат болуп отурушат. Урматтуу мэр, сиз ошолорду азыр чогултуңуз. Шаардык кеңешти чогулта албагандан кийин эмнеге мэр болуп отурасыңар, кетпейсиңерби анда", — деди Нурдинов.
Ал эми Кожобек Рыспаев бир ай коомдук талкууга койбой эле токтомду ыкчам кабыл алуу муктаждыгы жаралганын айтты.
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Кожобек Рыспаев
Депутат ЖК Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Кожобек Рыспаев
"Биз керек болсо эл таягын көтөрүп "депутаттарды үйүнөн алып чыгып сабайбыз" дегенде да коркпой чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаганбыз. Эмне үчүн шаардык кеңештин депутаттары чогулуп маселени чечип койбойт", — деди ЖК депутаты.
Дагы бир парламентарий Айбек Осмонов мындай учурда түнү менен болсо да иштеш керек деп эсептейт.
© Фото / пресс-служба ЦИК КРДепутат Айбек Осмонов
Новый депутат ЖК Айбек Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Айбек Осмонов
"Шаардын эли шайлап депутат болуп келгенден кийин керек болсо түнү менен иштеши керек. Чогулуп чечишсин да, кайда жүрүшөт. Ошону сиз дагы мэр катары айтып колго алсаңыз. Элге керек учурунда иштебесе, качан иштейт", — деди Осмонов.
Бүгүн ЖК депутаттары борбор калаадагы маршрутка айдоочуларынын иш таштоосу боюнча шаар бийлигинин, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маалыматын укту.
Жаңылыктар түрмөгү
0