Кудайбергенов: ишке чыккан маршрутка айдоочуларын коркуткандар болуп жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык мекемесинин эки маршруттук линиясы бар. Анын айдоочулары ишке чыккан.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Мэрияга таандык каттамдагы маршруттук таксинин айдоочуларын башка каттамда иштегендер коркутуп жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык мекемесинин эки маршруттук линиясы бар.
"Бир линияда 15, экинчисинде 11 маршрутка бар. Алардын да артынан кубалап, коркутуп жатышыптыр. Ушуга чейин барышууда. Күч органдары алар менен иштеп жатат. Биз бүгүн эскертүү бердик. Болбосо өзүбүздүн базабызда линияларды түзүүгө мажбур болобуз", — деди Кудайбергенов.
Борбор калаада эки күндөн бери маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай жатат. Алар жол кирени көтөрүү талабын коюуда.
Жаңылыктар түрмөгү
0