Маршруткалардын айдоочулары эртең дагы жумушка чыкпашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жолдогу бараткан маршрутка. Архив
Бишкектеги жолдогу бараткан маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу эртең деле мэрияга таандык автобус, троллейбустар каттамга чыгарын, аларга 30га чукул транспорт кошуларын билдирди.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекте эртең да маршрутка айдоочулары жумушка чыкпашы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов парламенттин жыйынында билдирди.
Ал эл ташып иштеген 42 фирманын жетекчилери менен жолукканда тарифти жогорулатмайын иш таштоону уланта турганын айтканын кабарлады.
"Эртең да маршрутка айдоочуларынын жумушка чыгар-чыкпасын так айта албайбыз. Кечээ жумушка чыгып беришин сурандык, андан башка кандай жолго барыш керектигин билбей турам. Бизде 42 фирма бар, жардам бергиле деп айттык, сентябрга чейин убакыт сурадык, бирок көнгөн жок. Эртең да чыкпашы мүмкүн", — деди Кудайбергенов.
Ошондой эле ал эртең деле мэрияга таандык автобус, троллейбустар каттамга чыгарын, аларга 30га чукул транспорт кошуларын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0