Окуучулардын адебине басым жасоо керек. Жапаров билим берүү министрин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен
Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Президент менен министр бир нече маселени талкуулаган. Анын ичинде Россия салып берчү мектептердин курулуш иштери тууралуу да кеп болгон.
БИШКЕК 3-июн.— Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда илимий кадрдык мүмкүнчүлүк, билим берүү системасын санариптештирүү, билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо маселеси талкууланган.
Мамлекет башчы баланын инсан катары калыптанышында негизги этап болгон жетилүүнүн жана мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
"Президент балдарды кичинесинен активдүү кылып өстүрүү керектигин белгилеп, бул мектепте, кесиптик билим алууда ийгиликтүү окууга жана иштеп кетүүгө кепилдик болорун кошумчалады. Жапаров билим берүүнү өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейин бекитилген концепцияны андан ары жайылтуу зарылдыгына токтолду", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчы мектептерде электрондук кезекке тургузуу тутумун жакшыртып, бул процессти айрыкча Бишкек шаарында натыйжалуу жана ачык-айкын жүргүзүү зарылдыгын кошумчалаган.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын ректору болуп бекитилген профессор Индира Кудайбергенова (солдон экинчи) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Индира Кудайбергенова Кыргыз медициналык академиясына ректор болуп бекитилди
"Жалпысынан билим берүү системасынын деңгээлин жана ага болгон элдин ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү. Ошондой эле негизги баалуулуктарды калыптандырып, адептүү инсанды тарбиялоо үчүн адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл", — деген Жапаров.
Билим берүү министри "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыкка ылайык, этика, эстетика боюнча предметтер киргизилип жатканын белгилеген.
Министр Купешев Россиянын жардамы менен курула турган орус тилдүү мектептердин долбоорун ишке ашыруу кайсы этапта экенин да айткан. Аларды салуу үчүн жер тилкелери аныкталган. Биринчи этапта Ош, Каракол шаарларында жана Чүй облусунун Сокулук районунда үч мектептин курулушун баштоо чечими кабыл алынган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев
Встреча президента КР и министра образования и науки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев
"Андан кийин курулуш иштери Баткен облусунун Баткен шаарында, Талас облусунун Манас районунда, Нарын облусунун Нарын шаарында, Жалал-Абад шаарында, Ош облусунун Өзгөн районунда жана Бишкек шаарындагы калктуу конуштардын биринде башталат", — деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жапаров Купешевге Кыргызстандагы илим жана билим берүү чөйрөсүн мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0