Маршрутка көйгөйү: Бишкек шаардык кеңешинин азыркы депутаттары маселени чече алабы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуулар катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.
БИШКЕК, 3-июн — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши маршруткалардын тарифи боюнча маселени кароо үчүн качан жыйын өткөрүшү мүмкүн экенин маалымат кызматынан кабарлашты. 
Билдирүүгө ылайык, мурдагы депутаттардын мөөнөтү дагы деле аяктай элек. Мыйзамга ылайык, алар келерки чакырылыштын биринчи сессиясына чейин эл өкүлү болуп эсептелишет. Ошондой эле бул чакырылыштын кароосуна мэрия бүгүн баа саясаты боюнча токтомду киргизгени кошумчаланды.
"Эреже боюнча, документ бир ай коомдук талкууга коюлат. Ал биздин сайтка илинди. Каалоочулар таанышып көрсө болот. Андан соң мэриянын тармактык комиссиясы карап чыгат. Анткени комиссиянын бүтүмү болмоюнча токтом сессияда каралбайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле маалымат кызматтан кезексиз жыйын боюнча төмөнкүчө деп түшүндүрүштү:
"Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, бүгүн көтөрүлүп жаткандай нормативдик-укуктук багыттагы маселелер кезексиз жыйында каралбайт", — дешти шаардык кеңештен.
Эске салсак, кечээ, 2-июнда, Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттаган. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.
Встреча и.о. мэра Бишкека с руководителями ассоциаций и фирм-перевозчиков маршрутных такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Тариф маселесине чекит коюлат. Мэрдин милдетин аткаруучу элден кечирим сурады
Муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуулар катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Ошол эле учурда Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйыны учурунда шаардык кеңештин депутаттарынын азыркы курамын чогултууга аракет болуп жатканын айткан эле.
Айдоочулар бүгүн дагы ишке чыккан жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0