Министр: ооруканаларда уу коргошун колдонбой калдык, анализ эки өлкөгө жөнөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Бекешев "чет өлкөлүктөр күлгөн жокпу, олуттуу эле кабыл алыштыбы" деп сурады. Аны менен катар министрге ишине кылдат мамиле кылып уят кылган мындай иштерди чыгарбоону сунуштады.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Уу коргошунду клиникалык сыноодон өткөрүп, анализдерди Казакстан менен Россияга жөнөттүк. Бул туурасында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин жыйынында билдирди.
Ошондой эле ал учурда мамлекеттик ооруканаларда коронавирустан дарылоо үчүн уу коргошун колдонулбай калганын айтты.
Депутат Дастан Бекешев анда буга чейин эмнеге жарнамалап, ооруканаларда колдонуп келишкенин сурады.
"Буга чейин 400 кишиге берип, клиникалык сыноодон өткөргөндөн кийин токтотконбуз. Бардык анализдер Казакстан, Россиядагы академиктерге жөнөтүлдү. Учурда резюмесин күтүп жатабыз. Биз оорунун жеңил жана орточо түрү менен ооругандарга (уу коргошун — ред.) бердик. Какырык чыгарып, иммунитетти көтөрөт экен, бардык анализдерди жөнөттүк", — деди Бейшеналиев.
Андан соң Бекешев "чет өлкөлүктөр күлгөн жокпу, олуттуу эле кабыл алыштыбы" деп сурады. Аны менен катар министрге ишине кылдат мамиле кылып мындай уят иштерди чыгарбоону сунуштады.
Ал эми Бейшеналиев айтылган эскертүүлөрдү эске алууну убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0