Инандынын табылышын талап кылгандар Өкмөт үйүнүн алдына келди. Сүрөт

© Sputnik / Эламан Карымшаков Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты
 Бишкекте Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Нааразычылык акциясына 200дөй адам чогулган. Алардын буга чейинки митингдери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында өткөн.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты.
© Sputnik / Эламан Карымшаков Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты
 Бишкекте Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты
© Sputnik / Эламан КарымшаковБул ирет Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулуп, андан кийин Өкмөт үйүнө барышкан
Бул ирет Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулуп, андан кийин Өкмөт үйүнө барышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул ирет Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулуп, андан кийин Өкмөт үйүнө барышкан
© Sputnik / Эламан КарымшаковНааразычылык акциясына 200дөй адам чогулган. Алардын буга чейинки митингдери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында өткөн.
Нааразычылык акциясына 200дөй адам чогулган. Алардын буга чейинки митингдери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында өткөн. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Нааразычылык акциясына 200дөй адам чогулган. Алардын буга чейинки митингдери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында өткөн.
1/3
Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты
2/3
Бул ирет Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулуп, андан кийин Өкмөт үйүнө барышкан
3/3
Нааразычылык акциясына 200дөй адам чогулган. Алардын буга чейинки митингдери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында өткөн.
Бул ирет Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулуп, андан кийин Өкмөт үйүнө барышкан. Нааразычылык акциясына 200дөй адам чогулган. Алардын буга чейинки митингдери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында өткөн.
Чогулгандар Инандыны тезирээк табууну талап кылышууда. Митингчилерге Жогорку Кеңештин айрым депутаттары чыгып, суроолоруна жооп беришкен.
Эл аралык Сапат билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Адвокат: Орхан Инандыны уурдап, Бишкекте кармап турушат деген маалымат бар
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын 1-июндан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Инандынын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөнүн маалымдаган.
ИИМ Инандыны тажрыйбалуу кызматкерлер издеп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0