COVID: 9 адам каза таап, 371 киши ооруп калды. Соңку статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Учурда вирус менен алышып стационарда жаткандардын ичинен 1 094 адам орточо оор, ал эми 448 бейтап өтө оор абалда экени айтылды.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 371 адамдан коронавирус табылып, 9 адам көз жумду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Оору жуктуруп алгандардын саны:
  • Бишкек – 169;
  • Ош шаары – 40;
  • Чүй облусу – 91;
  • Ош облусу – 20;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 24,
  • Жалал-Абад облусу – 13,
  • Баткен облусу – 1.
Ооруну жеңип, айыгып чыккандардын саны
  • Бишкек — 196;
  • Чүй облусу — 50;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Жалал-Абад облусу — 13;
  • Ош шаары — 10;
  • Ош облусу — 6;
  • Нарын облусу — 6;
  • Талас облусу — 5.
Ал эми учурда стационарда 1 662, ал эми амбулатордук дарыланууда 1 847 бейтап жатат.
Алардын ичинен 1 094 адам орточо оор, ал эми 448 бейтап өтө оор абалда экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0