"Манас" аэропорту, ИИМдин автобустары шаардыктарды акысыз ташууда

© пресс-служба мэрии города БишкекСитуация в Бишкеке из-за забастовок водителей маршрутного такси
Ситуация в Бишкеке из-за забастовок водителей маршрутного такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Азыркы тапта акысыз ташыган автобустардан тышкары линияда 110 автобус жана 141 троллейбус иштеп жатат.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ордо калаада айрым автобустар шаардыктарды акысыз ташып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, Бишкектеги кичи автобустардын ишке чыкпай жаткандыгына байланыштуу "Манас" эл аралык аэропорту, ИИМ жана "Дордой" ассоциациясы автобустарын убактылуу беришкен.
"Кырдаал турукташканга чейин №100 автобус элди акысыз ташыйт. Мындан сырткары, линияда 110 автобус жана 141 троллейбус иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия такси кызматынын өкүлдөрүнө кайрылып, акыны жогорулатып жибербөөнү өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0