Кырдаалдан пайдаланбагыла! Мэрия такси айдоочуларына кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган такси унаалары. Архив
Аялдамада турган такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Маршруттук каттамдын айдоочулары бүгүн да ишке чыккан жок. Алар мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени көтөрбөй жатканына нааразы.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы маршрутканын айдоочулары иш таштоосун улантканына байланыштуу таксисттерге кайрылды.
"Урматтуу такси кызматынын ээлери, жетекчилери жана жүргүнчү ташуу менен жекече алектенген жарандар! Мэрия кызмат акыңарды жогорулатпоону өтүнөт", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет шаар тургундары жумушуна жана үйүнө бара албай кыйналып жатканын белгиледи.
"Биз шаардыктарды калаа боюнча акысыз ташууну уюштурдук, автобустар жана троллейбустар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Сиздерди түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз. Айдоочулар, кыйын кырдаалдан пайдаланбаңыздар. Жүргүнчүлөр сиздерге ыраазы болот", — деп билдирди мэрия.
Жолодогу автотыгын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Маршруткасыз Бишкекте учурда эмне болуп жатат. Видео, сүрөт
Белгилей кетсек, кечээтен бери Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.
Мэрия маршруткаларга жол кирени көтөрүү же ошол бойдон калтыруу маселеси сентябрь айында чечилерин билдирген.
Буга чейин ЖМКларда айдоочулар бир апта бою жумуш таштай турганы тууралуу маалыматтар жазылган. Мэрия маршруттук унааларга ээлик кылган фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, жыйынтыгы азырынча айтыла элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0