Жыл башынан бери ажырашкандардын эң көбү Бишкекке туура келет. Статистика

© Sputnik / Кирилл КаллиниковШакектер. Архив
Шакектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Өлкөдө баш кошкондордун 20 пайызын Ош облусунун тургундары ээлейт, ал эми ажырашкандар Бишкек шаарында эң көп катталган.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын беш айында (январь-май) Кыргызстанда 19 498 түгөй никеге туруп, ошол эле учурда 4 389 жубай ажырашты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Төрөт үйүндөгү ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жалал-Абад менен Ош алдыда. Жыл башынан бери кайсы аймакта көбүрөөк бала туулду
Мамкаттоо никеге туруу же ажырашуу боюнча өлкөнүн бардык жериндеги Калкты тейлөө борборлоруна жана Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө (ЗАГС) кайрылса болорун эскертет. 2020-жылы күчүнө кирген "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамга ылайык, жашаган жери жана каттоосу кайсы аймакта экенинен көз каранды эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0