Эртең автобус менен троллейбустар кандай тартипте иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамадагы шаар тургундары
Аялдамадагы шаар тургундары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
"Эртең маршруткалар ишке чыгабы?" деген суроого шаар жетекчилиги “учурда айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” деп жооп берген. Учурда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат бериле элек.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда, эртең Бишкекте автобус менен троллейбустар саат 23.00гө чейин иштешет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
"Эртең менен так маалымат берилет. Анткени алардын иш графиги маршруткалардын ишке чыгышынан көз каранды болот”, — деген мэриядан.
Буга чейин Бишкекте маршруткалардын иштебей жатканына байланыштуу троллейбустар саат 23.00гө чейин каттай турганы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0