Бишкекте троллейбустар саат 23.00гө чейин иштемей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын көчөсүндөгү троллейбустар
Бишкек шаарынын көчөсүндөгү троллейбустар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Жакынкы күндөрү троллейбустар саат 5:40тан 23:00гө чейин иштейт. Буга маршрутка айдоочуларынын иш таштаганы себеп болууда.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкекте маршруткалардын иштебей жатканына байланыштуу троллейбустар саат 23.00гө чейин каттайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жакынкы күндөрү троллейбустар саат 5:40тан 23:00гө чейин төмөнкү маршруттар менен жүрөт:
  • № 2 — “Эт комбинаты” — Аламүдүн-1 кичи району;
  • № 4 — “Эт комбинаты” — “Кожзавод”;
  • № 5 — Тунгуч — Жал кичи району;
  • № 6 – 8-кичи району — Батыш автобекети;
  • № 7 — “Ош” базары — Тунгуч кичи району;
  • № 8 — Чыгыш автобекети — Жер иштетүү институту;
  • № 9 — Жер иштетүү институту — Аламүдүн-1 кичи району;
  • № 10 — “Фрунзе” заводу — Асанбай кичи району;
  • № 11 — Асанбай кичи району — Чыгыш автобекети;
  • № 14 — Жал кичи району — Киркомстром;
  • № 17 — “Кожзавод” — Асанбай кичи району.
Бүгүн шаар тургундарын 140 троллейбус ташыды.
Жаңылыктар түрмөгү
0