5-июнда Бишкектин бир катар аймагында суу болбойт. Даректери

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКран. Архив
Кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 5-июнь күнү эртең мененки саат 8:00дөн кечки 22:00гө чейин баш калаанын бир катар аймактарында ичүүчү суу токтойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Таза суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдар бакчаларында, медициналык мекемелерде жана башка социалдык, өндүрүш объектилеринде өчүрүлөт.
Суу берилбей турган аймактар:
  • Ауэзов, Шабдан баатыр (Чүй проспектиси менен кесилишкен жери) көчөлөрү, темир жол линиясынан Учкун конушуна чейинки аймак менен чектешкен жерлерде;
  • Исакеев, Шабдан баатыр, Ауэзов жана Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
  • Лев Толстой көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Аламүдүн дарыясына чейинки бөлүгүндө;
  • Ылдыйкы Төкөлдөш (7-апрель көчөсү, темир жол линиясынан тарта Менделеев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө).
"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0