Президенттик администрация: КР жарандыгын алып берем деген алдамчылар көбөйдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача биометрических паспортов в КР
Выдача биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Катчылык жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык схемалар же фактылар болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Президенттик администрациянын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы соңку учурда чет элдиктерге Кыргызстандын жарандыгын алып берүүнү убадалаган шылуундук топ чыкканын эскертти.
Аталган орган жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык схемалар же фактылар болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
"Акыркы учурда жарандык берүүдө, калыбына келтирүүдө, чет өлкөдөн келгендерди Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууда ортомчулар тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө, алдоолорго кабылган адамдардан даттануулар түшүп жатат. Ушуга байланыштуу Жарандык боюнча комиссиянын катчылыгы сак болууга чакырып, кандайдыр бир коррупциялык көрүнүштөр болсо тиешелүү мамлекеттик органдарга токтоосуз билдирүүнү өтүнөт", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын коомдук кабылдамаларынын даректери жана ишеним телефондору:
  • Бишкек шаары, Жибек жолу проспектиси, 322, телефон: 0312 – 66 – 00 – 20;
  • Баткен шаары, Нургазиев көчөсү, 1, 03622 – 501 – 50;
  • Ош шаары, Ленин көчөсү, 318, 03222 – 555 – 11;
  • Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү, 55, 03722 – 555 – 35;
  • Талас шаары, Бердике баатыр көчөсү, 297, 03422 – 604 – 31;
  • Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, 148, 03922 – 538 – 79;
  • Нарын шаары, Ленин көчөсү, 78, тел.: 03522 – 514 – 58
Жаңылыктар түрмөгү
0