ИИМ: "Сапаттын" президенти Инандыны тажрыйбалуу тергөөчүлөр тобу издеп баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экени белгиленди.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Кылмыш ишинин алкагында тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн турган ыкчам-иликтөө тобу Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча зарыл болгон иш-аракеттердин бардыгын жүргүзүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Орхан Инандынын иши ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экени белгиленди.
Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Изделип жаткан Орхан Инанды тууралуу эмне белгилүү. 8 факты
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын 1-июндан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Анын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылган. Атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөнүн маалымдаган.
Бишкекте Инандынын табылышын талап кылгандар митингге чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0