Түптөгү заводдун аймагынан чет элдиктер иштеткен майнинг-ферма табылды. Видео

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКриптовалютанын майнинги. Архив
Криптовалютанын майнинги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Кылмыш ишинин алкагында майнинг-ферманын ишин камсыздап жаткан 2000ге жакын жабдуу алынды.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Күрмөнтү цемент" заводунун аймагында чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-ферма табылды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
"Күрмөнтү цемент" ААКсы майнинг-ферманы электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген. Кылмыш ишинин алкагында майнинг-ферманын ишин камсыздап жаткан 2000ге жакын жабдуу алынды", — деп айтылган маалыматта.
Бул факт улуттук коопсуздук органынын сотко чейинки өндүрүштүк материалдарына Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Азыркы учурда УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо иштерин улантып, тергөө жүргүзүп жатканы кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0