09:11 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы (37)
170 0 0

Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Айдоочулар ушул жылдын 18-январь күнү тариф саясатын кайра карап чыгуу талабын коюшкан.

БИШКЕК, 2-июн — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаада жүргүнчү ташыган микроавтобус айдоочуларынын ишке чыкпай коюшу боюнча үн катты.

"Бир нече күн мурда мэрияга жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери кайрылып, чакан автобустар ишке чыкпай коюшу мүмкүн экенин кабарлашкан. Анткени муниципалитет келишимди аткарбаган фирмалар менен кызматташууну токтотуп кое алат. Бул фирма жетекчилерине эч бир пайда алып келбейт. Кечээ кечинде айдоочулар толугу менен иштей турганы кабарланган. Эртең мененки саат бештен бери мэриянын транспорт жаатына жооп берген бөлүмдөрү фирма жана айдоочулар менен сүйлөшүп жатат", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Айдоочулардын иш ташташы

Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январында да 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.

1-июнь күнү муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.

Ошол эле күнү социалдык тармактарда маршрутка айдоочулары кайрадан иш таштай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

Бүгүн Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын көптүгүнөн тыгын жаралууда.

Автобустар менен троллейбустарда киши көп. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат.

Учурда Бишкекте абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Тема:
Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы (37)
Белгилер:
мэрия, айдоочу, маршрутка, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ