Балага идеалдуу репетиторду кантип тандаш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги сабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив
Мектептеги сабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, ата-эне балага жалданма мугалим тандап жатканда анын бала менен канчалык тил табышып кете аларына көңүл буруу керек.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Балага мыкты репетиторду кантип тандаса болорун РИА Новости агенттигине ActivityEdu порталынын методисти, баланы окууга даярдоо боюнча адис Марина Пашкевич айтып берди.
Анын пикиринде, ата-эне үч нерсеге көңүл бурушу керек.
"Биринчиден, репетитордун өз сабагына эмоционалдык жактан канчалык берилерин байкап көрүшүбүз керек. Бала мындай нерселерге абдан сезгич келет. Экинчиден, ал окуучуну процесске канчалык тарта алары маанилүү. Анткени бала жөн гана угуучу болуп отура бергени туура эмес. Үчүнчүдөн, окутуучу менен бала тил табышып бир ыргакка түшө албаса, билим берүү дагы, бир нерсени үйрөнүү дагы өтө кыйын болуп калат", — деди адис.
Мындан тышкары, Пашкевич өз ишин сүйгөн репетитор баланын билим деңгээли көтөрүлүп жатканын далилдеп бериш үчүн ар кандай тесттерден өткөрүп турарын кошумчалады.
Ошондой эле адис ата-энелерге төлөнгөн каражат жана убакыт текке кетпеш үчүн репетиторго тапшырманы туура коюу керектигин эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0