УКМК: Орхан Инандыны буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөн

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУКМКнын имараты. Архив
УКМКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Атайын кызмат эки жыл мурда Инандыга жеке жан сакчы алуу жана тийиштүү этияттык чараларын киргизүүнү сунуштаган.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөн. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү акча талап кылуу максатында Орхан Инандыны уурдап кетери тууралуу маалымат түшкөн. Буга байланыштуу Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам урдоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, текшерүү иштери уюштурулган. Ыкчам тергөөнүн алкагында УКМК тарабынан аны уурдап кетүү кооптуулугу жаралганы туурасында өзүнө кабар берилген", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам атайын кызмат Инандыга жеке жан сакчы алууну жана тийиштүү этияттык чараларын киргизүүнү сунуштаганы белгиленет.
Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Изделип жаткан Орхан Инанды тууралуу эмне белгилүү. 8 факты
УКМК учурда Ички иштер министрлигине аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды издөөгө көмөктөшүп, комплекстүү ыкчам иштерди жүргүзүп жатканы айтылат.
Бүгүн Бишкекте "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырды. Анын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылган. Атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0