Бишкек, Ош жана Токмокто шаардык кеңешке кайра шайлоо. Календарь

© Sputnik / Жоомарт УраимовДобуш берип жаткан аял. Архив
Добуш берип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Буга чейин БШК Токмок, Ош шаарларындагы, андан соң Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алган. Кийинки шайлоо 11-июлга белгиленген.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Бишкек, Ош, Токмок шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоонун календарын бекитти.
Эске салсак, буга чейин БШК Токмок, Ош шаарларындагы, кийин Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алган.
Кийинки шайлоо 11-июлга белгиленген.

Шайлоочулардын тизмеси

9-июнга чейин tizme.gov.kg сайтына шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинет. Ал жактан жарандар өздөрү тууралуу маалыматты тактап алса болот. Кийинки такталган тизме 20-июнда жарыяланат.
Электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоого 48 млн. сом сарпталат
Эгер жаран илинген тизмеден ката таап калса, шайлоо комиссиясына арыз менен кайрыла алат. Бул ишти 2-июлга чейин бүтүрүү зарыл. Шайлоочулардын акыркы тизмеси 9-июлда жарыяланат.
Шаардык кеңешке депутат болчу талапкерлерди көрсөтүү
Депутаттыкка аттангангандардын тизмеси 13-июнь күнү саат 24:00гө чейин көрсөтүлүшү шарт. Депутаттыкка талапкерлерди каттоо 20-июнга чейин жүргүзүлөт.

Үгүт иштери

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү 20-июндан 10-июль саат 8.00гө чейин болот. 10-июль — жымжырттык күнү. 11-июлда шайлоо болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгы 25-июлда чыгарылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0