Фея, Ипып, Сталин. Кыргызстандык бөбөктөргө ыйгарылган кызыктуу аттар

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы төрөлгөн ымыркайын кармап турган эне. Архив
Жаңы төрөлгөн ымыркайын кармап турган эне. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Кыздар арасында Раяна ысымы бешинчи жыл катары менен алдыңкы орунда келе жатса, эркек балдар арасында быйыл Мухаммед аты көп коюлган.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда учурда эл арасында кайсы ысымдар кеңири тарап, ата-энелер кайсы аттарды балдарына көп ыйгарып жаткандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
2021-жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча Мухаммед жана Раяна деген аттар өтө арбын коюлган.
Эркек балдардын арасында эң көп кездешүүчү 10 ысымдын ичине Умар, Рамазан, Али, Алихан, Алинур, Билал, Нурислам, Амир жана Эмир кирген.
Ал эми кыздар арасында Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке ысымдары 2016-жылдан бери дээрлик өзгөрбөптүр.
Сооронбай Жээнбеков прибыл в Москву для участия в праздновании 75-летия Победы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2020
Адахан, Садык, Садыр... Президенттикке талапкерлердин ысымы эмнени түшүндүрөт
Раяна ысымы бешинчи жыл катары менен алдыңкы орунда келе жатса, алты жыл катары менен жаңы төрөлгөн эркек балдардын эң популярдуу ысымы Умар быйыл азайып, анын ордун Мухаммед ээлеген.
1 449 ата-эне ымыркайын Мухаммед деп атаса, 1 418 бөбөккө Умар ысымы берилген.
Балдарды коргоо күнүнө карата Мамлекеттик каттоо кызматы кичинекей кыргызстандыктар жөнүндө кызыктуу цифраларды даярдагандыгын билдирди.
Кыргыз кыздарынын арасында адаттан тыш Ханбийкалар, Меридиана, Фея, Киара жана Сүйү, ал эми балдар үчүн Атилла, Ипып, Рамос, Сталин жана Хантеңирим ысымдары кездешкен.
"Кичинекей кыздар арасында Ассмо, Хаял, Сюита, Айел, Джанай, Чүрөк, Айлуу, Таңсулуу, Акылчач жана Аймелек азыраак кездешет. Эркек балдар арасында Назым, Эркебулан, Аймин, Тениз, Байрас, Кычан, Жалын, Бегим, Аяан, Улутман аттары сейрек коюлган", — деп билдиришти Каттоо кызматынан.
Ушул жылдын беш айында 52 469 кичинекей кыргызстандыктын туулгандыгы катталган.
52 541 жаранга бөбөк төрөлгөндө бир жолку төлөм болгон "балага сүйүнчү" берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0