Ош мамлекеттик университетинин 3,6 млн. сомдук жери мэрияга кайтарылды

© Sputnik / Эмиль СадыровОш мамлекеттик университети. Архив
Ош мамлекеттик университети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Университеттин айланасындагы жер тилке 2008-жылы эле менчикке берилип кеткен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде ал кайра муниципалитеттин балансына алынды.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетине караштуу 3 миллион 660,9 миң сомдук жер тилке 13 жыл мурун жеке менчикке өтүп кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык Курманжан датка көчөсүнүн №262а дарегинде жайгашкан Ош мамлекеттик университетине караштуу 154 чарчы метр жер тилкесин мэрия А.С. аттуу жаранга берип койгону аныкталган.
Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Прокуратура: Суракматов Бишкектеги эң кымбат жерлерди менчиктеп кайра саткан
Ошондой эле Ош шаардык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган жаранга жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акт берилген.
Соттук кароонун жыйынтыгы менен шаардык прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арыздары толугу менен канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилке мэриянын балансына алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0