1-май райондук соттун алдындагы Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары. Видео

© Sputnik / Бакыт СмаиловЖогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун 100гө чукул тарапташтары Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулду
Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун 100гө чукул тарапташтары Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Бүгүн "Кумтөр" иши боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев кармалган.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун 100гө чукул тарапташтары Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына чогулду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин ошол жерде жүргөн кабарчылары билдирди.
Буга чейин бир катар ЖМКлар эки парламентарийди УКМК кармады деген маалыматтарды жазышкан.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Талкаланган мөңгү, эңшерилген кен. Кумтөрдүн азыркы көрүнүшү сүрөттөрдө
Мындан бир нече мүнөт мурда соттун короосуна бир нече автоунаа кирип кеткен. Ошол жерде турган тарапташтары ал автокөлүктөрдүн ичинде эки депутат бар деген пикирлерин айткан.
Чогулгандар "Эл уулуна эркиндик", "Асылбек Жээнбеков эл сиз менен" деген сөздөрдү плакатка жазып көтөрүп алышкан.
Асылбек Жээнбеков экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Зулпукаров экөө үзөңгүлөш, дос экени маалым.
Эскерте кетсек, бүгүн "Кумтөр" иши боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0