1-июнда балдарды кайда алып барса болот? Райондор боюнча программа

© Sputnik / Табылды КадырбековОюнчук машинада ойноп жаткан бала. Архив
Оюнчук машинада ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Балдардын майрамына арналган иш-чаралар эртең менен саат 10:00дөн тарта башталат. 1-июнь күнү балдарды бир нече концерттик программа күтөт.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкектин райондук администрациялары маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурат. Анын программасын мэрия жарыялады.
Майрам эртең, 1-июнда, белгиленет.
Октябрь району:
  • Саат 12:00 — Ататүрк атындагы сейил бакта майрамдык иш-чара уюштурулат;
  • 18:00 — 6-кичи райондогу №1 үйдүн жанында сквердин ачылышы оюн-зоок менен коштолот.
Биринчи май району:
  • 10:00-13:00 — "Жаштар" паркында улуттук, спорттук, көңүл ачуучу оюндар уюштурулат.
Свердлов району:
  • 10:00 — Чыгыш-5 кичи районундагы "Арбат" аллеясында майрамдык концерт башталат;
  • 10:00 — "Кара-Жыгач" токоюнда "Жазгы спартакиада" иш-чарасы өтөт, 12:15те майрамдык концерт уюштурулат.
Ленин району:
  • 12:00 — Фучик паркында спорттук иш-чаралар болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0