Мектепке электрондук каттоо Чүйдүн дагы эки районунда ишке кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар мектепте сабак учурунда. Архив
Окуучулар мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Учурда баланы мектепке электрондук каттоо системасы Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларында иштейт.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Баланы мектепке кабыл алуу боюнча электрондук каттоо Чүй облусунун эки районуна киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"Ушул жылдын 31-майынан тарта Чүй облусуна караштуу Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундары "Мектепке балдарды электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарын микроучастоктон тышкары Бишкек шаарынын мектептерине каттай алышат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда баланы мектепке электрондук каттоо системасы Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларында иштейт.
Министрлик 1-класска барчу баланы ата-энеси 15-августка чейин www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, "Мектепке балдарды электрондук каттоо" системасы аркылуу гана катташы керектигин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0