Министрлик дарыгерлерге жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну көздөп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДарыгерлер Бишкектеги оорукананын коридору менен бара жатат. Архив
Дарыгерлер Бишкектеги оорукананын коридору менен бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси медиктерге чектөө киргизүү боюнча демилге көтөрүлөрүн айтты.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик ооруканаларда эмгектенген медиктерди жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну көздөп жатканын министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Бурун Аманова мамлекеттик ооруканаларга жеке клиникалардагыдай шарт түзүүгө эмне жолтоо болуп жатканына кызыкты.
"Жеке клиникалардын кызматы абдан эле кымбат. Ошентсе дагы аларга кайрылгандардын саны арбын. Ал жерде мамлекеттик ооруканаларда иштеген эле адистер эмгектенери белгилүү. Мисалы, адис түшкө чейин мамлекеттик, түштөн кийин жеке клиникада болот. Мамлекеттик ооруканаларга деле ошондой шарт түзсө болбойбу?" — деди эл өкүлү.
Бейшеналиев депутаттын көтөргөн маселеси актуалдуу экенин айтып, мамлекеттик ооруканаларда иштеген медиктерге жеке клиникаларга барып элди кабыл алууга чектөө киргизген демилге көтөрүүнү пландап жатканын билдирди.
"Сиз туура айттыңыз. Дарыгерлер эртең менен бейтаптарды мамлекеттик ооруканадан кабыл алып, бирок акча алыш үчүн жеке клиникага жаткырып коюп жатышат. Мындайга жол бербөө үчүн депутаттарга сунушубуз бар", — деди Бейшеналиев.
Ал эми депутат Аманова чектөө киргизүүнү эмес, дарыгерлерге шарт түзүп берүүнү суранып жатканын айтып, аз айлыкка иштеген дарыгерлерди түшүнсө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0