Коронавирусту дарылаган кайсы ооруканада бош орун бар? Тизме

© AFP / OSCAR DEL POZOМедициналык кызматкер ооруканада иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Министрликтин маалыматы боюнча, ордо калаадагы бардык ооруканада коронавирусту дарылоо үчүн орун жетиштүү.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
31-май саат 12:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 13 ооруканада 302 орун бош турат:
  • Улуттук хирургия борбору — 2;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 20;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 9;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 87;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 65;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 11;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 19;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 8;
  • Чүй облустук бириктирилген ооруканасы — 16;
  • Улуттук госпиталь: урология боюнча корпус — 8;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 8;
  • Республикалык наркология борбору — 32.
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 17.
Өткөн суткада Кыргызстанда 174 кишиден коронавирус табылып, беш адам каза болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0