Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда таш кулатылат. График

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы таштарды түшүрүү. Архив
Боом капчыгайындагы таштарды түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
"Кыргыз темир жолу" ишканасы айдоочуларды сапарга чыгууда маршрутту алдын ала пландап алууга чакырды.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.
Буга байланыштуу 31-майдан 4-июнга чейин күндүзгү маалда поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды.
"Саат 09:00дөн 15:00гө чейин ЖКККББ кызматкерлери жолдун айрым бөлүктөрүн жабат. Жол тазалоо учурунда транспорт жолдун бир тилкеси менен жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Таш кулатуу иштери Каямат-Куркол станциясынын аймагында (жолдун 131-чакырымында) жүрөт.
Ишкана айдоочуларды сапарга чыгууда маршрутту алдын ала пландап алууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0