333 адамдан COVID чыкса, 300 киши айыгып кетти. Соңку сутканын статистикасы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Ооругандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунан чыгып жатат. Пандемия башталгандан тарта вирус жуккан 104 миң учурду катташкан.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 333 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жарыяланды.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 148;
  • Чүй облусу — 68;
  • Ош — 40;
  • Ысык-Көл облусу — 23;
  • Жалал-Абад — 16;
  • Нарын — 14;
  • Ош — 13;
  • Баткен — 6;
  • Талас — 5.
Пандемия башталгандан бери республикада коронавирус жуктургандардын саны 104 555ке жетти.
Өткөн суткада Бишкекте үч, Чүй облусунда эки, Ысык-Көлдө бир бейтап көз жумду. Ушуну менен көз жумгандардын саны 1 803кө жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек — 167;
  • Чүй облусу — 71;
  • Ысык-Көл — 34;
  • Ош — 10;
  • Ош облусу — 7;
  • Талас — 5;
  • Нарын — 4;
  • Баткен — 2.
Жаңылыктар түрмөгү
0