COVID: алты киши көз жумду. 30-майдын статистикасы

© AFP / ERNESTO BENAVIDESОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Каза тапкандар Бишкек шаарынан, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан катталды. Эпидемия башталгандан тарта вирус 1803 бейтаптын өмүрүн алып кетти.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада COVID-19дан алты киши көз жумду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Үч адам Бишкек шаарынан, экөө Чүй облусунан жана бир бейтап Ысык-Көл облусунан каза тапты", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ бул оорудан 9 адамдын каза болгону тууралуу кабарланган.
Эпидемия башталгандан тарта илдет 1803 бейтаптын өмүрүн алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0