Баткен менен Лейлек районунда эки бала бакча пайдаланууга берилди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиОткрытие детсадов в Баткенском районе
Открытие детсадов в Баткенском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Бала бакчанын курулушуна Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги каражат бөлгөн, ошондой эле айыл өкмөт да акча берген.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу эки бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага өкүлдүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) уюмунун аткаруучу директору жана башкалар катышты.
Аталган агенттик Рават айылындагы бала бакча үчүн 14 миллион сом бөлсө, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 048 923,59 сом келген.
Ал эми Катраң айылындагы бала бакча үчүн агенттик тарабынан 11 миллион сом берилип, айыл өкмөтү жана жергиликтүү коомчулук 1 797 164,84 сом кошкон. 
Жаңылыктар түрмөгү
0