Полковник Раджапов: уулунун өлтүрүлүп жатканын көрүп атасынын жүрөгү жарылып кеткен

© Sputnik / Жоомарт УраимовПолковник в запасе Рустам Раджапов
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Мындан туура 29 жыл мурда, 1992-жылы, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн пайдубалы түптөлгөн. Бүгүнкү каарманыбыз Кыргызстан армиясынын запастагы полковниги Рустам Раджапов.
Рустам Раджаповдун ата-энеси, жубайы Татьяна, ыраматылык иниси Руслан жана күйөө баласы Владимир Жириль да Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөшкөн. 1996-1999-жылдары Рустам Тажикстандагы жарандык согушка Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын курамында, андан кийин 2000-жылы Баткендеги коогалаңга да катышкан. Бул согушта көрсөткөн эрдиги үчүн III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Полковник менен колумнист Алмаз Батилов маектешти. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовРустам Раджаповдун ата-энеси, жубайы Татьяна, ыраматылык иниси Руслан жана күйөө баласы Владимир Жириль да Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөшкөн
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рустам Раджаповдун ата-энеси, жубайы Татьяна, ыраматылык иниси Руслан жана күйөө баласы Владимир Жириль да Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөшкөн
— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
— Атам-энем Ташкент облусунун Паркент районунда төрөлгөн. Ата-бабаларыбыз Лейлек районунун Катыран кыштагынан Ташкент аймагына көчүп барган экен. Атамдын теги кыргыз, энемдин улуту татар. Экөө тең аскер кызматкерлери болчу. Атам отставкадагы полковник, апам ардактуу эс алууга ага прапорщик наамында чыккан. Мен 1974-жылы 9-февралда Ворошиловград (азыркы Луганск) шаарында төрөлгөм. Себеби ошол учурда атам Чыгыш Украинада аскердик кызматын өтөп жаткан эле. Биринчи классты Киев шаарындагы орто мектепте окудум. Андан кийин 1982-жылы атам жумушунан Тажикстанга которулгандыктан 8-классты Душанбе шаарында окуп бүтүрүп, Ташкенттеги аскердик мектеп-интернатка өттүм. 1992-жылы ушул шаардагы жалпы командалык аскердик училищеге өтүп окудум. 1994-жылы Новосибирск шаарындагы жалпы командалык аскердик окуу жайдын чалгын факультетине которулгам. 
© Фото / из личного архива Рустама РаджаповаТашкент жалпы аскердик училищанын курсанты Рустам Раджапов курсташы менен Чирчик полигонунда. Өзбекстан, 1993-жыл
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ташкент жалпы аскердик училищанын курсанты Рустам Раджапов курсташы менен Чирчик полигонунда. Өзбекстан, 1993-жыл
— Ташкентте аскердик училищеде окуп жүргөндө Тажикстанда жарандык согуш башталган экен. Алгачкы күндөрү эсиңиздеби?
— 1992-жылы кышында биринчи ирет эмгек өргүүгө чыктым. Өзбекстандан Тажикстанга өтүп автобус менен кетип бара жатсак жолдон согушкерлер токтотту. Блокпостто кыркка жакын куралчан адамды көрдүк. Бардыгынын документтерин текшерип, жүргүнчүлөрдүн арасынан 70 жашка таяп калган карыяны тышка алып чыгып атып салышты. "Эмне кылганыңар, кайсы күнөөсү үчүн өлтүрдүңөр?!" деп баарыбыз нааразы болуп кыйкырдык. "Паспортунда Гарм районунун тургуну деп жазылган. Демек, ал вовчик, биздин душман. Ошондуктан аны өлүм жазасына тарттык", — дешти согушкерлер. Көрсө алар юрчиктер экен. Ошондо өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман деген макал чындык экенине толук ынандым. Бул ата-энем расмий бийликтин армиясында кызмат өтөп жаткан учур эле. Ыраматылык иним Руслан менен Гуля Душанбеде атама берилген кызматтык үйдө жашашчу. 
— "Вовчик", "юрчик" дегендерге түшүндүрмө бере кетсеңиз.
Тажикстандагы КМШнын тынчтык орнотуучу жаматтык  күчтөрүндөгү КРнын Коргоо министирлигинин өкүлү полковник Абдрахим Раджапов (сол жактан биринчи) россиялык кесиптештери менен. Тажикстан, Тоолуу Бадахшан автоном облусу. 1997-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Уулу атасына ок атып. Полковник Раджапов Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу
— Менин пикиримде, Тажикстанда тоолуктар жана түздүктөгү өрөөндөрдүн тургундарынын ортосунда чыккан социалдык-экономикалык карама-каршылыктар жарандык согушка алып келди. "Вовчик" деп Бириккен тажик оппозициясынын жактоочуларын аташкан. Алардын басымдуу бөлүгү тоолуктар, мисалы, Памир жана Гарм аймактарынын тургундары эле. "Вовчиктердин" көбү ваххабизм агымын карманып, ислам республикасын курууну максат кылышчу. Ал эми "юрчиктер" өздөрүн расмий бийликтин тарапкерлери деп атагандар. Булардын көпчүлүгү Душанбе шаарынын, Ленинабад (азыркы Согди), Канибадам жана Куляб чөлкөмдөрүнүн жашоочулары болчу. Ошол учурда классташтарым, досторум бири-бирине курал көтөргөнүн көрүп жүрөгүмөн кан аккан. Бир туугандар бири-бирине ок чыгарганын көрүп жаныман түңүлгөм. Ушул көрүнүшкө байланыштуу бир окуяны айтып берейин. Митке деген бала кездеги досум бар эле, фамилиясы эсимде жок. 15 бир тууган болчу. Жетөө "вовчиктердин" катарына өтүп кетиптир. Ал эми Митке калган беш бир тууганы менен расмий бийликтин күчтөрүнө кошулуп, оппозицияга каршы согушту. Досум Миткени "вовчиктер" туткунга түшүрүп, атайын үйүнө алып барып, ата-энесинин көзүнчө өлтүрүшкөн. Муну көрүп энеси акылынан айнып, атасы жүрөгү жарылып каза болду. Тажикстанда жарандык согуш бүткөндө Миткенин үч бир тууганы гана аман калды. Ушундай үрөй учурган окуялар болгон. 
© Фото / Из личного архива Рустама Раджапова201-мотоаткычтар дивизиясынын офицери Рустам Раджапов тажик-афган чек арасында. Тоолуу Бадахшан автоном облусу, 1996-жыл
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
201-мотоаткычтар дивизиясынын офицери Рустам Раджапов тажик-афган чек арасында. Тоолуу Бадахшан автоном облусу, 1996-жыл
— 1996-жылы Новосибирскидеги аскердик окуу жайды бүткөн соң кайрадан Тажикстанга кайтып келдиңизби?
— Ооба. Командачылык Тажикстанда жайгашкан Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын курамындагы 92-мотоаткычтар полкунун экинчи чалгын взводунун командирлигине дайындады. Бул дивизия Тажикстандагы тынчтык орнотууда чоң роль ойноду. Ошол учурда атам Душанбеде жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлү болуп калган. 
— Дивизияда сизден башка дагы кыргызстандык офицерлер бар беле?
— Ооба, полкумда эки офицер бар болчу. Тилекке каршы, экөөнүн тең аты-жөнү, фамилиясы эсимде жок. Бирөөсү капитан эле, танкалык ротада кызмат өтөчү. 1999-жылы аны акыркы жолу Бишкекте Коргоо министрлигинен көргөм. Ал эми экинчи кыргызстандык аткычтар батальонунун ага лейтенанты болчу. Анын да кийинки тагдырын билбейм. 
© Фото / из личного архива Рустама РаджаповаШилово полигону. Новосибирск жалпы командалык аскердик окуу жайдын курсанты Рустам Раджапов (сол жактан биринчи)
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шилово полигону. Новосибирск жалпы командалык аскердик окуу жайдын курсанты Рустам Раджапов (сол жактан биринчи)
— Тажикстандагы эң биринчи салгылаш эсиңиздеби?
— Албетте. Блокпостто аскерлерди алмаштырып жаткан маалда БТРдин мунарасына чыгып фляжкамдан суу ичип жаткам. Ошол учурда жаныман чымын учкандай үн чыкты. Жоокерлерди карасам алар да эч нерсе байкабастан бейкапар турушат, суу иче бердим. Бир аз убакыттан кийин БТРдин мунарасына ок тийгенден кийин согушкерлер аткылап жатканын түшүндүм. Ок аткан жерди көздөп аткыла деп аскерлерге буйрук берип, БТРден секирип түштүм. Ошентип алардын чабуулун токтотконбуз. Биринчи салгылашым ушундай күлкүлүү болгон.
Биздин милдет күзөтүү, чалгын иштери, россиялык чек арачыларга ок-дары, тамак-аш жана гуманитардык жардам алып бара жаткан колонналарды коштоо болчу. Ошондо бүт Тажикстанды көрүп чыктым. 201-мотоаткычтар дивизиясынын офицерлери менен жоокерлерин тажик согушкерлеринин барымтасынан бошоткон учурлар болду. Бийлик менен оппозициянын кандуу кагылыштарына күбө болдум. Согушкерлердин партизандык ыкма менен салгылашканын көрдүм. Расмий Душанбенин армиясы аларга каршы салгылашып, акырындык менен такшалды. Ушул жактан аскердик тажрыйба топтодум. Кээ бир учурларда салгылашуу бир же эки саатка созулгандай болчу. Чындыгында болгону 5-7 мүнөт гана салгылашканыбыз таң калтырчу. Душанбеде үйүм аскердик бөлүктөн болгону беш чакырым алыстыкта болсо да бара албай калган күндөр болду. 
© Фото / Из личного архива Рустама РаджаповаКолоннаны коштоп бара жаткан учурда. Тажик-афган чек арасы. 1996-жыл
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Колоннаны коштоп бара жаткан учурда. Тажик-афган чек арасы. 1996-жыл
— Тажик согушкерлеринин кайсы өлкөлөрдө даярдыктан өткөндүгү тууралуу маалыматыңыз барбы?
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Аскар Акаев: Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын үч күн дегенде эпке келтиргенбиз
— Буларды Афганистан жана Пакистан лагерлеринде мыкты адистер даярдашкан. Алар согушкерлерди диверсиялык согуш жүргүзүүгө үйрөтүшкөн. Бириккен тажик оппозициясынын куралдуу күчтөрүн атактуу америкалык боксчу Мохаммед Али сыяктуу душманына кол салып, чегинип, кайра сокку уруу тактикасына окуткан. 1920-1930-жылдары басмачылар буктурмалардан капысынан советтик аскерлерге чабуул койгондой согушкерлер да расмий өкмөттүн күчтөрүнө каршы ушундай ыкма менен салгылашкан. Мындай абалдан пайдаланып кылмыштуу топтор эбегейсиз акча тапканын көрүп жаныбыз ачышчу.
— Карапайым эл согуш учурунда тамак-аштан абдан кыйналган деп айтылып калат.
— Ооба. Таңкы саат алтыда карапайым калк нанга кезекке турчу. Ар биринин колуна бирден гана бөлкө нан берилчү. Мындан сырткары, аял менен эркектердин кезектери ар башка болчу. 12 саат кезекте туруп токочко жетпей калган учурлар да болгон. Согуштун айынан Душанбенин инфраструктурасы талкаланган. Дагы бир таң калычтуу көрүнүш, эртең мененки саат алтыдан жети жарымга чейин шаарларда жана райондук борборлордо эки тарап тең ок чыгарчу эмес. Ошол убакта тазалык кызматы көчөлөрдү бүт тазалачу. Андан кийин кайрадан согуша беришчү. Бул жазылбаган мыйзам болчу. Согуштан адам баласы аябай чарчайт экен. Каршылашкан тараптагы досторум бири-бири менен бейтарап жерде жолугуп чай ичип, тамашалашып отурган күндөр да болду. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовПолковник Раджапов: таңкы саат алтыда карапайым калк нанга кезекке турчу. Ар биринин колуна бирден гана бөлкө нан берилчү. Мындан сырткары, аял менен эркектердин кезектери ар башка болчу. 12 саат кезекте туруп токочко жетпей калган учурлар да болгон
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Полковник Раджапов: таңкы саат алтыда карапайым калк нанга кезекке турчу. Ар биринин колуна бирден гана бөлкө нан берилчү. Мындан сырткары, аял менен эркектердин кезектери ар башка болчу. 12 саат кезекте туруп токочко жетпей калган учурлар да болгон
— Жубайыңыз Татьяна менен ошол согуш учурунда баш кошкон турбайсыңарбы?
— Бул биздин өмүрүбүздөгү өзүнчө бир кызыктуу унутулгус окуя. 1996-жылы 10-февралда Татьяна экөөбүз үйлөндүк. 1994-жылдан баштап ал 201-мотоаткычтар дивизиясынын катарында кызматын өтөп, ага сержант наамын алган. 1993-жылы Ташкенттен келип, ата-энебиз аркылуу экөөбүз таанышып, бири-бирибизди жактырып калганбыз. Анын атасы полковник Владимир Чуприк Каратаг механикалык полкунун командири эле. Менин атам бул аскердик бөлүктүн штабынын жетекчиси болчу. Үйлөнүү тоюбузду өткөргөнгө Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон уруксат берген. Буга чейин өлкөдө согуш жүрүп жатканда той өткөрбөгүлө деп буйрук берилген экен. Ошондуктан атам ага кирип, уруксат алган. Анын үстүнө президентти атам жарандык согушка чейин таанычу. Ошол маалда ал Кулябда колхоздун башкармасы эле. Рахмон Кыргызстандын өкүлү катары атамды абдан сыйлачу. 1997-жылы кызым Карина төрөлдү. 
© Фото / Из личного архива Рустама Раджапова201-мотоаткычтар дивизиясынын офицери Рустам Раджапов ата-энеси, карындашы Гуля, жубайы Татьяна жана кызы Карина менен. Душанбе, аскердик госпиталдагы блокпост. 1998-жыл
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
201-мотоаткычтар дивизиясынын офицери Рустам Раджапов ата-энеси, карындашы Гуля, жубайы Татьяна жана кызы Карина менен. Душанбе, аскердик госпиталдагы блокпост. 1998-жыл
— 1997-жылы 27-июндан тарта Тажикстанда акырындык менен эки тарап элдешип, тынчтык орной баштады. Сиз бул тарыхый процесске катыштыңызбы?
— Ооба. 1997-жылы 9-сентябрда тажик-афган чек арасынан Бириккен тажик оппозициясынын 25-өзүнчө отрядын БУУнун өкүлдөрү менен тосуп алдык. Бул отряд лидери Саид Абдулло Нурини кайтарчу. Нури ушул отрядды өз чөнтөгүнөн каржылачу. Аларды Душанбеге чейин коштоп бардык. Белгилей кетчү жагдай, атам ушул процесске Кыргызстандын өкүлү катары катышты. 1998-жылы ата-энем, бир туугандарым Руслан менен Гуля Бишкекке көчүп кетишти. 1999-жылы командачылык мени Тажикстандан Москва аскердик округундагы 4-гвардиялык Кантемир атындагы танкалык дивизиясына которду.
— Кыргызстандын армиясына эмненин негизинде которулдуңуз?
— Ошол жылы август айында Баткен аймагына Өзбекстандын ислам кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кол салганын уктум. Бул согушка маркум иним Руслан да катышты. Ал Ленинграддагы аскердик темир жол окуу жайын бүткөн. Ошондуктан 2000-жылы жазында Ата Мекенге кызмат өтөш үчүн Россиянын армиясынан бошонуп, Баткен согушунун экинчи этабына катыштым. Эң кызыгы, ошол убакта РФ жараны болчумун. Бирок колумда Россиянын паспорту жок эле. Себеби ал убакта Советтер Союзунун мыйзамы боюнча офицерлер өздүгүн аныктоочу документ менен гана жүрчү. 
© Фото / Из личного архива Рустама Раджапова“Скорпион” атайын багыттагы бригаданын офицери Руслан Раджапов (үчүнчү катарда экинчи) жоокерлери менен. Токмок шаары. 1999-жыл
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
“Скорпион” атайын багыттагы бригаданын офицери Руслан Раджапов (үчүнчү катарда экинчи) жоокерлери менен. Токмок шаары. 1999-жыл
— Сиздин пикириңизде Тажикстандагы жарандык согуш менен Баткен коогалаңынын айырмасы эмнеде болду?
— Бул согушта мен атайын багыттагы отряддын курамында чалгынчы болдум. Отряддын катарында 60 офицер, прапорщик жана контракттык негиздеги жоокерлер эле. Иним Руслан ушул согушка экинчи ирет катышты. Бул согуштун өзгөчөлүгү Тажикстандан кирген согушкерлер аска-зоодо жашынып, Кыргызстандын ички иштеринин күчтөрү менен армиясына кол салып турган. Буларга жергиликтүү калктын айрым өкүлдөрү көмөк көрсөткөн фактылар да учураган. Ал эми Тажикстанда согуштук аракеттер шаарлар менен айылдардын арасында болду. Кыргыз армиясынын убактысынын 80 пайызы согушкерлерди издегенге кетчү. Убакыттын 20 пайызы гана аларды жок кылганга сарпталчу. Согушкерлердин бардыгы мыкты даярдалган деп айта албайм, айрымдарынын гана согуштук тажрыйбасы бар болчу. Булардын көпчүлүгү турмуштан жолу болбой алданып калган адамдар эле. Катарында кыргыз, өзбек жана тажиктер болгон.
Мени офицер катары таң калтырганы — кыргыздын жоокерлери душмандын курчоосунда калган убакта да алардын колуна түшпөөгө аракеттенип кашык каны калганча каршылык көрсөткөнү. Кыргызстандын эли жапа тырмак согушкерлерге каршы туруп жана армиясына колунан келген жардамын аябаганын көрүп чын дилимден кубангам. 
© Sputnik / Жоомарт Ураимов1996-жылы 10-февралда Татьяна экөөбүз үйлөндүк. Үйлөнүү тоюбузду өткөргөнгө Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон уруксат берген
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
1996-жылы 10-февралда Татьяна экөөбүз үйлөндүк. Үйлөнүү тоюбузду өткөргөнгө Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон уруксат берген
Бул согушта көрсөткөн эрдигим үчүн өлкөнүн жетекчилиги III даражадагы "Манас" орденин ыйгарды. Ал эми иним Русланды Кыргызстандын башчысы Ардак грамота менен сыйлады. Андан кийин Токмок шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин курамындагы "Скорпион" атындагы атайын багыттагы бөлүктө жубайым Татьяна экөөбүз кызматыбызды уланттык. Күйөө балам Владимир Жириль да Коргоо министрлигинде аскердик финансы тармагы боюнча иштеди. 2003-жылы Москвадагы Михаил Фрунзе атындагы жалпы аскердик академияга окууга кетип жаткан учурда колума Кыргызстандын паспортун алдым. 2005-жылы жогоруда айтылган аскердик академияны бүтүп, Кыргызстандын армиясында кызматымды уланттым. 2014-жылы запаска чыктым. Биздин коомчулук Тажикстандагы жарандык согуш менен Баткен коогалаңынын бүт себептерин талдап, сөзсүз жыйынтык чыгарышы керек. Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат деген кеп көкүрөгүбүздүн түпкүрүндө болушу зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0