31-майда Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке түз авиакаттам ачылат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЭл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Эл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 31-майдан тарта Казакстандын Түркстан шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.
"2021-жылдын 31-майынан баштап "Түркстан — Бишкек — Түркстан" багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылат. Эми Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары, Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот", — деп айтылат маалыматта.
Түркстандан Бишкекке чейинки учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0