214 млн. сомдук иш. Жаныбек Абиров прокуратурага жооп берди

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров. Архив
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров ар бир факты боюнча түшүндүрүп берүүгө даяр экендигин айтты.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров Башкы прокуратуранын ага койгон дооматтары боюнча жооп берди.
Бүгүн, 28-майда, Башкы прокуратура Абировго жана мэриядагы бир катар аткаминерлерге карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген берененин негизинде иш козгогон.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Коррупциялык схема түзгөн. УКМК Суракматовдун кармалган себебин айтты
Эске салсак, көзөмөл органы шаардын прогноздолгон бюджети жасалма жол менен көбөйтүлүп, айрым кызматкерлердин айлыгы жогорулатылганын билдирген. Өзгөчө жоопкерчиликтүү жана маанилүү кызматтарга теңөө жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана шаар мэринин айлыктары 120 миң жана 150 миң сомго жеткирилген. Мунун аркасынан 2019-жылдан 2021-жылдын биринчи кварталына чейин мамлекетке 214 581 700 сом зыян келтирилгени айтылган.
Ушул эле күнү Абиров социалдык тармакта түз эфирге чыгып, Кыргызстандан кетүүгө ниети жок экендигин билдирген.
"Мен ар бир факты боюнча жооп берип, түшүндүрүүгө даярмын. Бишкек шаардык кеңешинин чечими көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 23 депутат чечим кабыл алгандан соң мен кол коём. Мен Бишкек шаардык кеңешинин болгону модераторумун жана кандай гана чечим кабыл алынбасын кол коюуга милдеттүүмүн. Кабыл алынган бардык чечимдер мыйзамдуу", — деген шаардык кеңештин спикери.
Абировдун толук комментарийин жазылып калган түз эфирден көрүүгө болот:
Жаңылыктар түрмөгү
0