Ош менен Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө туруктуу түз авиакаттам ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖүргүнчүлөр Тамчы айылындагы аэропортто учактан чыгып жатышат. Архив
Жүргүнчүлөр Тамчы айылындагы аэропортто учактан чыгып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
2021-жылдагы туристтик мезгилдин ачылышы менен "Ысык-Көл" аэропортуна Ош жана Жалал-Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык-Көлгө түз авиакаттамдар ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
2021-жылдагы туристтик мезгилдин ачылышы менен "Ысык-Көл" аэропортуна Ош жана Жалал-Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
18-июндан тартып "Тез жет" авиакомпаниясы Ош — Ысык-Көл — Ош жана Жалал-Абад — Ысык-Көл — Жалал-Абад туруктуу эки каттамды ачат.
Тамчы аэропортунда учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Дүйшөмбүдө Алматыдан Ысык-Көлгө күн сайын уча турган авиакаттам ачылат
Ош шаарынан каттамдар жумасына үч ирет — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Ал эми Жалал-Абаддан каттамдар жумасына эки ирет, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү учат.
Билдирүүдө "Манас" эл аралык аэропорту" авиабилеттерди сатуу менен алектенбей турганы, бааны көзөмөлдөбөй, ага таасир эте албасы белгиленет.
Башкы аба майданынын жетекчилиги ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы финансылык карым-катнашка кийлигишпейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0