Токтогулдагы суунун көлөмү көбөйүп, 10 млрд. куб метрди түздү

© Sputnik / Акылбек БатырбековТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Бир ай мурда суунун көлөмү 8,6 миллиард куб метрди көрсөтүп жаткан. Маалым болгондой, бул эң төмөнкү көрсөткүч.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүп, 10 миллиард куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасы кабарлады.
Төрткүл суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Бир суткада суу сактагычка орто эсеп менен алганда секундасына 656 куб метр суу агып кирүүдө. Ал эми агып чыккан суунун көлөмү 267 куб метрди түзөт.
Бир ай мурда суунун көлөмү 8,6 миллиард куб метрди көрсөтүп жаткан. Маалым болгондой, бул эң төмөнкү көрсөткүч.
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун өкүлдөрү суу сактагычтагы эң көп көлөм — 19,5 миллиард куб метр, минималдык долбоордук деңгээл — 5,5 миллиард экенин белгилешет.
Токтогул ГЭСи — өлкөнүн ири станциясы жана энергетикалык кыркасы, Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгү. Жылуулук мезгилин өткөрүү көбүнесе ушундай эле аталыштагы суу сактагычтагы көлөмдөн көз каранды. Үнөмдөө максатында 2008-жылы электр кубатын берүү чектелип, маал-маалы менен өчүрүлгөн. Ал эми 2014–2015-жылдары электр кубаты сырттан сатып алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0