Электр кубаты үчүн карызы бар бишкектиктердин жарыгы 31-майдан тарта өчүрүлөт

© AFP / JUAN BARRETOФонарь менен киши электр панелин текшерип жатат. Архив
Фонарь менен киши электр панелин текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына болгон бересени убагында төлөөгө чакырат. Кечиккен кардарлардын жарыгы өчүрүлөт.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 31-майда "Түндүк электр" ишканасы Бишкекте электр энергиясына карызы бар 6,1 миң абоненттин жарыгын өчүрүүнү баштайт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Ишкана абоненттерди электр кубатынын акысын төлөөгө чакырууда. Азыркы тапта жалпы карыз 62 миллион сомду түзөт.
Өчүрүүлөр "акылдуу эсептегичтердин" жардамы менен аралыктан жүргүзүлөт.
Майнинг-фермасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
УКМК Бишкек менен Чүйдөгү майнинг-фермаларды тапты. Видео
Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн ишкананын расмий сайтында "Баланс абонента" деген бөлүмү ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат. Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" түнү-күнү иштөөчү колл-борборунун 1209 түз байланыш телефонуна чалып тактаса да болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.
Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк" төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчык жана "Айыл Банк", "ДосКредоБанк", "БТА Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0