Канткенде автоунаа бензинди аз ичет. Эксперттин үч кеңеши

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Эксперт үнөмдүү бензин же майды сатып алууга көп кызыга бербеш керектигин, баасы салыштырмалуу төмөн болгондор темир тулпардын тетиктерине зыян келтириши мүмкүндүгүн айтты.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бензинди азыраак кетириш үчүн сунушталган үч ыкманы экономикалык эксперт Роман Алеев "Прайм" порталына айтып берген.
Автомобильная дорога М-11 Москва — Санкт-Петербург - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Катуу ылдамдыктагы унаа бет маңдай келгенде биринчи эмне кылуу керек? Кеңеш
Дагы эске сала турган учур — аба чыпкалагычты (фильтр) өз учурунда алмаштыруу. Көп ирет колдоно тургандарын коюп алсаңыз болот, бирок аны дайыма тазалап туруу керек.
"Үнөмдөйм деп баасы арзан бензин же күйүүчү май сатып алууга азгырылбаңыз. Мындай мунай заттары автоунаанын тетиктерине зыян келтириши мүмкүн, себеби анын курамында ар кандай кошулмалар болушу ыктымал. Май куйган ишенимдүү, жакшы бекет чыгымды азайтарын эске түйүп алыңыз. Эгерде чоочун жакта жүрсөңүз, тартынбай, эринбей эле жергиликтүү айдоочулардан кайсы жерден жакшы бензин тапса болорун сураңыз", — деп кеңеш берген адис.
Автоунаанын салмагы канчалык көп болсо, май ошончолук көп кетет. Эксперт мындан улам багажникке ашыкча буюмдарды зарыл болбосо салып жүрө берүүнүн пайдасы жоктугун эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0