23:00 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Коом
Кыскача шилтеме алуу
325 0 0

Эксперт үнөмдүү бензин же майды сатып алууга көп кызыга бербеш керектигин, баасы салыштырмалуу төмөн болгондор темир тулпардын тетиктерине зыян келтириши мүмкүндүгүн айтты.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бензинди азыраак кетириш үчүн сунушталган үч ыкманы экономикалык эксперт Роман Алеев "Прайм" порталына айтып берген.

Темир тулпарды "аксатып" албаш үчүн аны дайыма текшерип, тетиктерине көз салып туруу керек. Техникалык жактан оң болгон жана май, суюктуктар акпаган автоунаа бензинди аз сарптайт. Дөңгөлөктөрдүн жели аз болуп калбашына дайыма көз салып жүрүү керек. Себеби алар канчалык талаптагыдай болсо, кыймылдаткычка күч ошончолук аз келет да, майды аз ичкенге көмөкчү болот.

Дагы эске сала турган учур — аба чыпкалагычты (фильтр) өз учурунда алмаштыруу. Көп ирет колдоно тургандарын коюп алсаңыз болот, бирок аны дайыма тазалап туруу керек.

"Үнөмдөйм деп баасы арзан бензин же күйүүчү май сатып алууга азгырылбаңыз. Мындай мунай заттары автоунаанын тетиктерине зыян келтириши мүмкүн, себеби анын курамында ар кандай кошулмалар болушу ыктымал. Май куйган ишенимдүү, жакшы бекет чыгымды азайтарын эске түйүп алыңыз. Эгерде чоочун жакта жүрсөңүз, тартынбай, эринбей эле жергиликтүү айдоочулардан кайсы жерден жакшы бензин тапса болорун сураңыз", — деп кеңеш берген адис.

Автоунаанын салмагы канчалык көп болсо, май ошончолук көп кетет. Эксперт мындан улам багажникке ашыкча буюмдарды зарыл болбосо салып жүрө берүүнүн пайдасы жоктугун эскертти.

Тема боюнча

Бензинди кантип үнөмдөө керектигин эксперт айтып берди
Белгилер:
автоунаа, бензин, эксперт, кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ