COVID: соңку суткада 283 киши ооруп, жети бейтап көз жумду. Статистика

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Соңку күндө инфекцияны жуктургандарга салыштырмалуу ооруну жеңип чыккандардын саны арбыныраак болууда.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан жети адам каза таап, 283 адам ооруга чалдыккан. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматта инфекцияны жуктургандарга салыштырмалуу ооруну жеңип чыккандардын саны арбыныраак экенин байкоого болот. Соңку суткада коронавирустан 391 адам айыгып кеткен.
Адаттагыдай эле ооругандар менен көз жумгандардын саны борбор калаада арбын катталып жатат.
"Бишкекте төрт, Чүй облусунда бир, Талас облусунда бир жана Ош шаарында бир бейтап коронавирустан көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония болгондор:
  • Бишкек - 169;
  • Ош - 15;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу - 5;
  • Талас облусу - 4;
  • Нарын облусу - 8;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен облусу – 6.
Айыгып чыккандар боюнча төмөнкүдөй статистика:
  • Бишкек – 278;
  • Ош шаары – 7;
  • Чүй облусу – 68;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 3.
Учурда стационарда 1 658 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 90 кишинин абалы өтө оор деп айтылды.
Ал эми үйүндө оору менен алышып жаткандардын саны 1 854 экени маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0