1-июнда балдарды кайда алып барса болот? Мэриянын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековОйноп жаткан балдар. Архив
Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Балдардын майрамына арналган иш-чаралар ордо калаада 28-майда башталат. 1-июнь күнү бөбөктөрдү бир нече концерттик программа күтөт.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата маданий иш-чаралардын программасын жарыялады.
Майрам 1-июнда белгиленет.
28-майда саат 17:00дөн 18:00гө чейин балдардын № 4 өнөр мектебинде "Друзья Незнайки" жана "Царевна–лягушка" театралдык бөлүмдөрүнүн спектаклдери өтөт;
  • 1-июндан 7-июнга чейин балдардын № 4 өнөр мектебинде көркөм сүрөт өнөрү бөлүмүндө окугандардын тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот.
  • 1-июнда өтө турчу иш-чаралар:
  • 10:00 — балдардын № 7 өнөр мектебинде майрамдык концерт болот;
  • 10:00 — Чуйков атындагы музей балдардын сүрөт мектеби менен биргеликте "Дүйнө балдардын көзү менен" аттуу көргөзмө өткөрөт;
  • 10:00 — Чоң-Арык айылындагы маданият үйүндө балдар үчүн майрамдык иш-чара өтөт;
  • 12:00 — Фучик атындагы паркта "Диалог" маданият үйү менен балдардын № 2 өнөр мектеби биргеликте даярдаган майрамдык концерт болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0