Санкт-Петербургдагы окуу жайга Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ЖК Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду
 Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Чыгаан режиссердун бюсту Санкт-Петербург шаарындагы өзү окуган окуу жайга коюлду. Иш-чаранын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү барды.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
© Фото / пресс-служба ЖК Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду
 Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду - Sputnik Кыргызстан
1/4
Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду
© Фото / пресс-служба ЖКИш-чарага аталган өлкөдөгү элчи Гүлнара-Клара Самат, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана режиссердун туугандары катышты
Иш-чарага аталган өлкөдөгү элчи Гүлнара-Клара Самат, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана режиссердун туугандары катышты - Sputnik Кыргызстан
2/4
Иш-чарага аталган өлкөдөгү элчи Гүлнара-Клара Самат, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана режиссердун туугандары катышты
© Фото / пресс-служба ЖКЭлчи билим берүү мекемесинин жетекчилигине ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген
Элчи билим берүү мекемесинин жетекчилигине ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген - Sputnik Кыргызстан
3/4
Элчи билим берүү мекемесинин жетекчилигине ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген
© Фото / пресс-служба ЖКДаңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Ал Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда окуган.
Даңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Ал Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда окуган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Даңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Ал Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда окуган.
1/4
Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду
2/4
Иш-чарага аталган өлкөдөгү элчи Гүлнара-Клара Самат, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана режиссердун туугандары катышты
3/4
Элчи билим берүү мекемесинин жетекчилигине ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген
4/4
Даңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Ал Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда окуган.
Иш-чарага аталган өлкөдөгү элчи Гүлнара-Клара Самат, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана режиссердун туугандары катышты.
Элчи билим берүү мекемесинин жетекчилигине ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген.
"Элчи өз сөзүндө кыргыз киносунун өнүгүшү жана калыптанышы аны эл аралык деңгээлге көтөрүп, өлкөбүздө кино индустриясынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Төлөмүш Океевдин ысымы менен ажырагыс байланышта экендигин айтып өттү, ошондой эле кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгын илгерилетүү жана өнүктүрүү элчиликтин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2020
Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты
Ошондой эле 1955-жылы тартылган "Салтанат" аттуу алгачкы кыргыз көркөм тасмасынын жаңыртып жазылганын Россиянын "Госфильмофондунан" алуу боюнча элчилик тарабынан көрүлгөн иштер белгиленген. Фильм өлкөнүн Маданият министрлигинин Кинематография департаментине берилди.
Даңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Ал Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда окуган.
Океев "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш" тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан. 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0