Мурдагы депутат Алишер Мамасалиев 49 жашында көз жумду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Алишер Мамасалиев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Мурдагы депутат онкологиялык илдет менен жабыркап жүргөн.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев 49 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына анын жакындары билдирди.
Мамасалиев буга чейин онкологиялык оору менен жабыркап жүргөн. Ал 2005-жылдагы март окуяларына активдүү катышып, эки жылдан кийин "Ак Жол" партиясы аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0