Кыргызстанда доллар кымбаттады. Саат 18:30га карата маалымат

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Акыркы бир нече жумадан бери доллардын баасы акырындык менен төмөндөп жаткан, бирок кайра эле өсүп кетти.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстанда доллардын баасы жогорулады. Кээ бир банктар менен акча алмаштыруучу жайларда чет элдик валюта 83,91 сомдон (саат 18:30га карата) сатылууда.
Бүгүн саат 10:00дө америкалык валюта Бишкектеги акча алмаштырган жайларда 83,72 сомдон сатылып жаткан. Ал эми мурдагы күнү эртең менен бир доллар 83,25 сом болчу.
Акыркы бир нече жумадан бери доллардын баасы акырындык менен төмөндөп, бирок кайра эле өсүп кетти. Анткен менен жарым жылдай кармалган 84,9 сомго жеткен жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0