Кыргызстандан жоголгон 20 жаштагы кыз Россиядан табылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу кыз. Архив
Аэропорттогу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Кыздын жакындарынын айтымында, А.С. соцтармак аркылуу башка улуттагы жигит менен таанышып, ал аны Москвага чакырган.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы А.С. аттуу кыргызстандык кыз Россия Федерациясынын аймагынан табылды. Маалыматты ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тастыктады.
Маалыматка караганда, А.С. соцтармак аркылуу башка улуттагы жигит менен таанышып, ал аны Москвага чакырган. Кийин ал бардык аккаунттарын өчүрүп, жакындарына айтпастан Москва шаарына учуп кеткен. Билетти болжолдуу түрдө ошол бала сатып берген.
21-май күнү кыз үйүнө келген эмес, 22-майдан тарта жакындары аны издеп баштаган. Ал эми 26-майда А.С. Россиянын аймагынан ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан табылып, жакындарына тапшырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0