Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ЖК депутаты: ар бир айылга той-ашты көзөмөлдөгөн комиссия түзүүнү сунуштадык

© Sputnik / Табылды КадырбековТойдогу официант. Архив
Тойдогу официант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Той-ашты өткөрүүдөгү чектөөлөр менен салынган тыюулардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн ар бир айыл, районго атайын комиссия түзүүнү сунуштап жатабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.
Учурда Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда "ЖК той менен тажиянын шартын катаалдатууну көздөөдө. Коом даярбы?" аттуу тегерек стол өтүп жатат.
© Sputnik / Максат ЭлебесовЖогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов
Депутат Жогорку Кенеша Улукбек Ормонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов
Белгилей кетсек, Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат. Жогорку Кеңештин сайтына "Үлпөт той, маараке салтанаттарын, сөөк көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
"Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда атайын элдик кошуундар иштеп жатканын билебиз. Алар маркумду акыркы сапарга узатууда чоң мал союлуп, себет алып келген-келбегенин көзөмөлдөп, айтып турушат. Мындай элдик кошуунду алар өздөрү эле уюштуруп алган. Той-ашка чектөө киргизүү боюнча азыр сунушталып жаткан мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн биз да ушул сыяктуу атайын комиссия түзүүнү сунуштап жатабыз. Мындай комиссия ар бир айылда болот. Анын курамына негизинен айыл өкмөт башчысы, ошол аймактагы сыйлуу, кадырлуу кишилер кирет. Мыйзамдын аткарылышын талап кылуу үчүн кызмат адамдарына сөзсүз милдет жүктөлөт. Антпесе бул мыйзам аткарылбай калат", — деди эл өкүлү.
Ормонов мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу 10-июнда бүтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0