376 киши вирус жугузуп, 8 бейтап көз жумду. COVID боюнча статистика

© AFP / STR / China OUTМедициналык кызматкер COVID-19га алынган кан үлгүлөр менен
Медициналык кызматкер COVID-19га алынган кан үлгүлөр менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Бир сутка ичинде сегиз бейтап коронавирустан каза тапкан. Бишкек менен Чүйдө үчтөн, Ысык-Көл менен Нарын облустарында бирден бейтап көз жумду. Өлүм учурларынын жалпы саны 1 781ге жетти.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бир суткада 376 кишиден коронавирус табылып, 386 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, илдет жуктургандардын көбү дагы деле Бишкек менен Чүй облусунда.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 238;
  • Ош шаары – 17;
  • Чүй облусу – 66;
  • Ош облусу — 14;
  • Талас обласу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 21;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 103 583кө жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 271;
  • Ош шаары – 9;
  • Чүй облусу – 67;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 11.
Бир сутка ичинде сегиз бейтап коронавирустан каза тапкан. Бишкек менен Чүйдө үчтөн, Ысык-Көл менен Нарын облустарында бирден бейтап көз жумду. Өлүм учурларынын жалпы саны 1 781ге жетти.
Азыркы учурда 1 614 кишинин ооруканада дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде 5 386 киши ПЦР-анализ тапшырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0